Биз социалдык тармакта

Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести боюнча көркөм тасма тартылат

Кыргызстан жана Өзбекстан Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести боюнча биргеликте көркөм тасма тартуу меморандумуна кол коюшту. Бул туурасында Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, меморандумга кечээ, 20-ноябрда Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында кол коюлган.
Эки тараптын кол коюусу Маданият министрлигинде өтүп, ал Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов (Кыргызстан үчүн) жана Кинематография агенттигинин директорунун орун басары Шухрат Ризаевдин (Өзбекстан үчүн) ортосунда болгон.
Эске сала кетсек, Бишкек эл аралык кинофестивалы Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Бүгүн анын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан