Биз социалдык тармакта

Кытай менен чек арадагы "Торугарт" өткөрмө бекети дагы жабылат

Бүгүн, 21-ноябрда Кытай менен чек арадагы "Торугарт автодорожный" өткөрмө бекети убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Өткөрмө бекет тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү тутумунун жаңыланганына байланыштуу саат 15:30дан 17:00гө чейин жабылат. Анда адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат.

Кечээ, 20-ноябрда дагы Казакстан менен чек арадагы "Чалдыбар-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактылуу токтотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан