УКМК Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жаткандыгын билдирди.
Маалыматка караганда, “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу байкалууда.
"21-ноябрда саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” КӨЖда чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 510 жүк ташуучу унаа турат", - деп айтылат билдирүүдө.
Өткөн сутка ичинде чек арадан 555 автоунаа өткөн, анын ичинен 273ү өлкөдөн чыкса, 282 унаа Кыргызстанга кирген.