Биз социалдык тармакта

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” постунда 500дөн ашык унаа кезекте турат

Жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүнө байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу байкалууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул сааттарга карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрмө пунктунда 510 жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат.

"Өткөн суткада кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесин 555 транспорт каражаты кесип өткөн, анын ичинен Кыргызстандан Казахстанга 273 автоунаа чыгып, 282 унаа кирген", - деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалангандай, жүк ташуучу транспорт каражаттарына эч кандай чектөөлөр жок. Эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан