Биз социалдык тармакта

Улуттук госпиталь жарандарды МРТдан 3 күн акысыз текшерүүдөн өткөрөт 

Эртең, 22-ноябрдан тартып 24-ноябрга чейин жаңы МРТнын (магниттик-резонанстык томография) ишке киришине байланыштуу Улуттук госпиталда акысыз диагностика жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматта акысыз диагностикага жазылуу үчүн Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан же үй-бүлөлүк медицина борборунан дарыгердин жолдомосу керек экендиги айтылат.

"Эч кандай алдын ала даярдыктын кереги жок, болгону курсак көңдөйүн текшерүүдө ач карын болууга тийиш. Кабыл алуу саат 09:00дөн 16:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт. 0 709 90 55 11 номуру аркылуу текшерилүүгө жазылуу шарт", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан