Биз социалдык тармакта

"Тоолуу райондордо кар жаайт". 22-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 22-ноябрда өлкө аймагында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Ал эми күндүн экинчи жарымында Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган жерлерде жаан жаабайт.

Республиканын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20 градус,

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17 даража болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн үшүк жүрөт, +3…+8, күндүз +16…+21ге жетет.

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Нарын аймагында түнкүсүн -3…-8, күндүз +8…+13.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +15…+20 градус жылуу болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан