Өзбекстанда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Бишкекте 15-ноябрда Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун 1997-жылы туулган А.С. аттуу жараны кармалып, анын Баткен облусунун аймагы аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү аныкталды.
Ошондой эле анын уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү болуп, зомбулук мүнөздөгү аракеттер менен байланышкан оор кылмыш жасагандыгы жана Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынгандыгы аныкталды.
Учурда кармалган шектүү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Өзбекстанга чыгарылды.