Москвада өткөн шахмат боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык спортчу биринчиликти алды

Төлөгөн Тегин Семетей Москвада өткөн шахмат боюнча Эл аралык чемпиондор лигасынын А тайпасында биринчи орунду алгандыгын Шахмат федерациясы Instagram социалдык тармагында кабарлады.

Маалыматка ылайык, турнир ушул жылдын 11-ноябрынан 19-ноябрына чейин Москва шаарында болуп, Орусия, Казакстан, Армения, Кыргызстандан 10 спортчу катышты.

Кыргыз спортчусу 10 турдун жыйынтыгы боюнча 6,5 упай топтоп, биринчи орунду камсыздады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан