Кабарлангандай, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев Арча-Бешик конушунан табылган ымыркайдын абалын билүү үчүн №2 төрөт үйүнө барып, дарыгерлер менен сүйлөштү.
Ошондой эле аким администрация тарабынан бардык керектүү жардамдар берилерин белгиледи.
Азыркы учурда баланын абалы туруктуу жана ага тийиштүү кам көрүлүп жатат.