Биз социалдык тармакта

Бишкекте мектептин 4-кабатынан секирүүгө аракет кылган жаран куткарылды (видео)

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, калаадагы №5 мектептин 4-кабатынан секирүүгө аракет кылган 36 жаштагы жаран куткарылды. Жерине 10 куткаруучу тартылган.

"Куткаруучулар мектептин психологу менен биргеликте сүйлөшүүгө аракет жасап жаткан учурда, экинчи топтогу куткаруучулар мектептин чатырынан атайы альпинисттик шаймандар менен түшүп, жарандын өмүрүн сактап калышкан", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка караганда, куткарылган жаран мектептин кызматкери эмес.

Учурда аны куткаруучулар Ички иштер министрилигинин кызматкерлерине өткөрүп берип, тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.




Видео: ӨКМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан