Биз социалдык тармакта

Камчы Көлбаевдин 720 батири мамлекетке өттү

Маркум кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин 720 батири мамлекетке өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун биринчи орун басары Медер Машиев маалымат жыйында айтты.

Анын айтымында, кеп курулуп бүтө элек батирлер жөнүндө болуп жатат, курулушту аяктоо 2027-жылга белгиленген.

"Алар бизге 2027-жылы берилет. Биринчи этаптын алкагында алты унааны сатуу боюнча аукцион өткөрүлөт", - деди ал.

Кечээ, 21-ноябрда агенттик Көлбаевге таандык болгон 6 унаа аукционго коюлганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан