Бүгүн, 22-ноябрда Бишкектин Свердлов районунда Мажүрүм-Тал көчөсүнүн жана Февраль тилкеси ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мажүрүм-Тал көчөсүндөгү жол куруу иштерин подрядчы "Айдос Кут" ЖЧКсы жүргүзгөн. Жолдун узундугу 620 метр, асфальт тилкесинин жалпы аянты 3 миң 100 чарчы метрди түзөт.
Ал эми Февраль тилкесиндеги жол куруу иштерин подрядчы "Дорсервис" ААКсы жүргүзгөн. Жолдун узундугу 340 метр, асфальт тилкесинин жалпы аянты 1700 чарчы метрди түзөт.