Биз социалдык тармакта

Ноябрдын аягында Кыргызстандын ИДПсы 1 триллион сомго жетүүсү күтүлүүдө

Ноябрь айынын аягында өлкөнүн ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 1 триллион сомго жетүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь-октябрь айларында өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 919,1 миллиард сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 104,5 пайызды түзгөн.

Ал эми ноябрь айынын аягы бул көрсөткүч 1 триллион сомдук тарыхый деңгээлге жетиши күтүлүүдө.

"Кыргыз Республикасында 2011-жылы ИДПнын деңгээли 250 миллиард сомго жеткен. Кийинки олуттуу көрсөткүчкө 6 жылдан кийин жетип, 2017-жылы 500 миллиард сомдон ашты. Үстүбүздөгү жылы ИДПнын эки эсеге өсүүсү менен кийинки көрсөткүчкө жетишилди жана ноябрь айынын аягына чейин 1 триллион сомдон ашат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан