Биз социалдык тармакта

Шакиев Кыргызстанда кыз-келиндерге күндүз дагы жүрүү кооптуу болуп калганын айтты

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстанда кыз-келиндерге жүрүү түнкүсүн эле эмес, күндүз дагы кооптуу болуп жатканын айтты.

"Коомубузда аялзатына болгон зордук-зомбулук акыркы убактарда болуп жатат. Коомчулукта тынчсыздануулар абдан көп. Мен кечээ министр Улан Ниязбековго дагы иш-чараларды алып барышыбыз керек экенин айттым. Коомдук жайларга видео-көзөмөлдөрдү орнотууну күчөтүшүбүз керек. Биздин кыз-келиндерибизге түнкүсүн эле эмес, күндүз дагы жүрүү кооптуу болуп жатат", - деди Шакиев.

Ошондой эле ал шаар мэрине дагы унаа тыгынын жоюу боюнча иш алып баруу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан