
Ош шаарында ӨКМ кызматкерлери кичинекей балдар бекилип калган батирдин эшигин ачып беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта Ош шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган жаран батирине кире албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөнү айтылат. Ал эми жерине барган куткаруучулар кол шаймандардын жардамы менен эшикти ачышкан.
"Батирдин ичинде 8, 5 жана эң кичүүсү 2 жашар балдар болгон", - деп айтылат маалыматта.
Балдар эч кандай медициналык жардамга муктаж эмес.