Биз социалдык тармакта

Бишкекте 30га жакын жарнама түзүмдөрү алынды

Бишкекте тышкы жарнаманы жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча рейддер жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи май районунун акимчилиги №15 муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте П.Лумумба көчөсүн бойлой Дэн Сяопин көчөсүнөн баштап Профсоюз көчөсүнө чейин кечки рейд жүргүзүп, 30га жакын жарнамалык конструкциялар алынды.

Ошондой эле салык кызматы менен биргеликте Профсоюз көчөсүндөгү күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча текшеришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан