Биз социалдык тармакта

Бишкекте ирригациялык тармактарды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Бишкектин Октябрь районунун түштүк кичи райондорунда акимиат жана "Бишкек суу чарба" МИ аркылуу 9 миң метрден ашык ирригация реконструкцияланууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №3,4,5,11,12 жана "Асанбай" кичи райондорунда "Мегаюг" подряддык уюму иш алып барууда, план боюнча сугат тармактарын реконструкциялоонун жалпы узундугу 9400 метрди түзөт.

"Учурда №3,4,5,11 жана 12-кичирайондо сугат лотокторун орнотууга даярдык көрүү, казуу иштери аяктаса, 5-кичирайонго узундугу 540 метр 180 сугат лотоктору орнотулду.

№6 кичирайондо «Кылым» подрядчы уюму тарабынан сугат лотокторун орнотуу иштери жүрүп, план боюнча реконструкциялоонун узундугу 510 метрди түзөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан