УКМК Жалал-Абаддын "смотрящийлерин" кармады (фото)

Акыркы убакта Жалал-Абад облусунун ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышуулар көбөйүүдө. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Бул мушташтар көп учурларда коомдук жайларда, денелерине оор залал келтирилип, курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуу менен болуп жатат. Негизги мыкакчылар өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүү менен, кээ бирлери Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун кароочусу (смотрящий) деп аташып, алардын ишмердигинде белгилүү бир иерархиядагы жана структурадагы уюшкан кылмыштуу топтун белгилери байкалып, алардын катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып турган.

"Алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу максатында кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында, 17-ноябрда мурда ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган лидерлер З.у.Т. жана А.у.Н. кармалды. Алардын автоунааларында жана жашаган жеринде тинтүү учурунда жашырып көтөрүп жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу куралдар, ага ок-дарылар, бет каптар, ошондой эле РПГ-5 гранатасы табылып алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдар да аныкталып, алар дагы жоопко тартылмакчы.

Ошол эле учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы, шаар тургундарын кылмыштуу элементтер тарабынан мыйзам бузуу фактылары болсо 03722 5-46-61 телефону аркылуу билдирүүгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан