Биз социалдык тармакта

"Жаан жаайт". Бейшемби күнгө карата аба ырайы 

Эртең, 23-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +4…+9 градус,

Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8 даража,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +5…+10 болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9,

Нарын аймагында түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8,

Ал эми борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +5…+7 градус болот.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан