Дүйнө чемпиондугунун квалификациялык оюндары алкагында "D" тайпасынын жаңыланган турнирдик жадыбалында "Ак шумкарлар" үчүнчү орунга көтөрүлдү.
Кийинки беттештер 2024-жылы 21-мартта кытайлык "Тайбэйге" каршы өтсө, 26-мартта жооптук оюн Бишкекте болот. Ал эми 6-июнда Малайзия курама командасы конок болуп келет, 11-июнда Оманга каршы кез келет.
Белгилей кетсек, Дүйнө биринчилигине Азия континентинен 8 команда жолдомо алат. Тандоо туру 5 этаптан турат, Кыргызстан курама командасы экинчи баскычтан жарышка катышууда.
Анда 36 мамлекет 9 тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Тайпадан биринчи, экинчи орун менен чыккан командалар, кийинки этапка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.