Биз социалдык тармакта

Бишкекте келин кичинекей кызы менен изделүүдө

Бишкекте кичинекей кызы менен келин 18-октябрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Биринчи Май райондук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, О.А. аттуу жаран 1982-жылы туулган бир тууганы Нургүл Орозбаева төрт жаштагы кызы Айбийке Нурлан кызы менен жок болуп жаткандыгын айтып, милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган.

Аталган факт Биринчи Май РИИБдин маалымат китебине катталып, издөө иштери башталган.

Нүргүл Орозбаеванын белгилери: арыкчырай, бою болжол менен 155-160 сантиметр, чачы кара, узун. Кара көк кардиган, кара кроссовка кийип жүргөн.
Айбийке Нурлан кызы ачык түстөгү күрмө, кызыл жилет, ак бут кийимчен болгон.
Милиция изделип жаткандар боюнча кандайдыр бир маалымат болсо 0312566043, 0704102702, 0507692261, 0709626356 телефон номерлерине чалууну өтүнөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан