Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда курулуш материалдарын чыгарган муниципалдык ишкана ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалымдалгандай, мамлекет тарабынан Баткен обласун өнүктүрүүгө багытталган 500 миллион сомдун алкагында 5 миллион сом бөлүнүп Ак-Суу айыл аймагынын Жеңиш айылында курулуш материалдардын иштеп чыгаруучу муниципалдык ишкана курулду.
"Ишкананы курууга Ак-Суу айыл өкмөтү тарабынан да 2 миллион 400 миң сом өздүк салым катары жумшалган.
Учурда керектүү бардык жабдуулар орнотулуп, ишкана алгачкы продукцияларын чыгарууда.
Пескоблок, таман таш (брусчатка), шакектер (кольцо), суу ноолору, электр мамычаларынын үлгүлөрү чыгарылып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ак-Суу дарыясынын жээгинде жайгашкан ишканада сырье маселеси жок, дарыядан эң жогорку сапаттагы кум шагылдар иштетилет.
Белгилей кетсек, муниципалдык ишканада 8 жумушчу оруну түзүлдү.
Ишкананы ачуунун негизги максаты айыл аймактын дотациядан чыгуусуна шарт түзүү болуп саналат.