Лионель Мессинин Аргентинадагы дүкөнүнөн 22 миң доллар уурдалды

Атактуу футболчу Лионель Мессинин жубайынын Аргентинадагы дүкөнүнөн 22 миң доллар уурдалды.
Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрда эртең менен Росарио шаарындагы дүкөндүн эки кызматкери банкка дүкөндүн акчасын алып бара жаткан учурда аларды белгисиз адамдар тоноп кетишкен.

Анда эки кылмышкер унаанын терезесин сындырып, ар биринде 4 миллион песо (10 миң евродон ашык) болгон эки баштыкты алып, жүргүнчүлөргө ок чыгарган. Натыйжада уурулар качып, жабырлануучулар жеңил жаракат алган.

Белгилей кетсек, ушул эле дүкөндө ушул жылдын март айында белгисиз бирөөлөр тарабынан ок атуу болгон. Полиция эшиктин туткасынан Аргентина курама командасынын чабуулчусуна жазылган кагаз таап алган. Анда Мессиге карата коркутуу сөздөрү жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан