Биз социалдык тармакта

Олимпиада оюндарын уткандарга 10 миллион сом берилет

Олимпиада оюндарын жеңгендерге 10 миллион сом берүү каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Анын айтымында, 2024-жылга спортко 1 миллиард 747 миллион сом каралган.

"Спорттон дагы үмүтүбүз абдан чоң. 2024-жылга спортко 1 миллиард 747 миллион сом карап жатабыз. Азия оюндарында биринчи орунду алгандарга 1 миллион 200 миң, Дүйнө чемпиону болгондорго 1 миллион, Олимпиада оюндарын уткандарга 10 миллион сом берип жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан