Биз социалдык тармакта

Бишкекте конфессиялар ынтымагы боюнча жыйын өтүүдө

Бүгүн, 23-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Кыргызстан — конфессиялар аралык тынчтыктын жана ынтымактын өлкөсү" эл аралык конференция өтүүдө. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Тойгонбай Абдыкадыров билдирди.
Маалыматка ылайык, Абдыкадыров жыйындын башында сөз сүйлөп, өлкөдө ислам, христиан, иудаизмди кошкондо 17ге жакын конфессия бар экенин белгиледи.
"Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги өкүм сүрөт. Мындан улам ар кандай глобалдык чакырыктар жана коркунучтарды диндер аралык диалог менен да чечсе болот. Бүгүнкү иш-чара көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берерине ишенем", — деди ал.
Аталган форумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттердин дин өкүлдөрү катышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан