Бишкекте 24-26-ноябрь күндөрү оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдеш Европанын эки жолку жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону, Олимпиада чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдык мааракесине арналып, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Нидерландынын спортчулары катышат.