Бишкекте 15 миң сом турган велосипедди уурдаган адам кармалды. Бул тууралу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарынын Ленин РИИБине А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 16:45 чамасында белгисиз адамга Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан коомдук тамактануу жайлардын биринин жанынан 15 миң сом турган GELDA үлгүсүндөгү велосипедин уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205 (уурдоо) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1998-жылы туулган М.Э. аттуу шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү адам милиция кызматкерлерине уурдалган велосипедди кайтарып берген.