Биз социалдык тармакта

"Тың болуп кетесиң да". Жапаров парламент жыйынында чиновникти тилдеди (видео)

2024-жылдын бюджети талкууланып жаткан бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чиновникти тилдеди.

Жыйында депутат Балбак Түлөбаев министрлер кабинетинен эмне үчүн менчиктештирүү боюнча отчёттордогу киреше көрсөткүчү 16 миллиард сомдон 5 миллиард сомго чейин азайганын сурап, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директоруна кайрылды.

Ага Акылбек Жапаров өзү эле жооп берерин айтып жатканда директор Жапаров менен чогуу эле депутаттын суроосуна жооп берүүгө аракет кылды. "Уруксат берсеңиз, мен жооп берсем болобу?" деди ал.

Аны Жапаров "Мен жооп берип жатканда тынч отурсаң, тың болуп кетесиң да", - деп тилдеди.

Жапаров парламент жыйынында чиновникти тилдеди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан