"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Айни көчөсүндөгү тротуардын курулушун аяктоодо. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Абай көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки жол бөлүгү менен бирге тротуар куруу иштери дагы жүргүзүлгөн.
"Бүгүнкү күндө жөө адамдар өтүүчү жолду орнотуу боюнча иштер аяктады. Ирригациялык система орнотулуп, унаа өтүүчү бөлүккө 1 катмар асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү" - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аба ырайы ыңгайлуу болсо, экинчи катмарды төшөө иштери аякташы күтүлөт.