Биз социалдык тармакта

Бишкекте ысырапкорчулукка каршы рейд уланууда

Президенттин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында Октябрь районунда ресторан ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумушчу комиссия 20-ноябрдан тарта рейддик иш-чараларын баштады. Анын курамына акимчилик, аксакалдар, имам, Ички иштер башкармалыгынын, ӨКМдин жана муниципалдык инспекциянын кызматкерлери кирди.

"Аксакалдар коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизген ар кандай жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча акыл насааттарын айтып беришет",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан