Кечээ, 23-ноябрда Оштун Алиев көчөсүндө кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери башталды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош мэриясы тарабынан жол боюнда жайгашкан жана жолго чейин чыгып кеткен жеке турак үйлөрдүн 10го жакын мыйзамсыз тосмолору, чарбалык курулуштары сүрдүрүлүп алынды.
Белгилей кетсек, мындай мыйзамсыз курулуштарды буздуруу иштери шаардын бардык аймактарында улантылат.