
Өлкөдө 100 мал союучу жай текшерилип, 28и убактылуу жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Министрлик жарандардан түшкөн арыздардын негизинде мал союлуучу жайларга күтүүсүз текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында талапка жооп бербеген жайлар аныкталган.
Кошумчалангандай, мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүп жатат.