Биз социалдык тармакта

Араванда 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Оштун Араван районунда 9 жылдан бери бүтпөй турган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кабарлангандай, Тоо-Моюн айылындагы Кызыл-Талаа мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган. Билим уясынын жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген. Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат.

Жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Негизги класстардан сырткары компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, дарылоо кабинети, китепкана, ашкана жана концерттик зал да камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан