Кыргызстандык 2 боксчу Беларуста өткөн мелдеште алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Алар бокс боюнча улуттук курама командасынын капитаны Мунарбек Сейит уулу жана курама команданын мүчөсү Анвар Ходжиев экени белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, 20-эл аралык турнир Минск шаарында өткөн.