Кыргызстандык парадзюдочулар Японияда өтө турган мелдешке катышат

Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Япониянын Токио шаарында өтчү “Дүйнө Гран-При” аталышындагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Маалымдалгандай, мелдеш 30-ноябрда башталып, 6-декабрга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

  • Хайитхон Хусан кызы (48 килограмм);
  • Давран Садыков (90 килограмм);
  • Алихан Жумагулов (60 килограмм);
  • Маматибраим Суранов (73 килограмм).

Курама команда башкы машыктыруучу Канат Имиянов жана машыктыруучу Байбол Саламат уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан