Кыргызстандык спортчу Бибимариям Абдижамил кызы Дүйнө чемпиондугунда 3 коло медаль жеңип келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдирди.
Маалымдалгандай, спортчу 60 килограмм салмак категориясында күрөштүн 3 түрү боюнча күч сынашкан.
Аталган эл аралык мелдеш 16-20-ноябрь күндөрү Өзбекстанда өткөн.
Баткенден чыккан спортчу учурда Бишкектеги Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин 2-курсунун студенти.