Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында 2015-жылы башталган 375 орундуу Максатбек Эсенкелди уулу атындагы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Мамлекетиик курулуштан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда окуу корпусунун курулуш жумуштары толугу менен бүтүп, эмерек жабдуулары толугу менен орнотулду.
Белгилей кетсек, мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2 миң 900 чарчы метр.