Акжол Махмудовдун негизги атаандашы Гераи Олимпиадага барбай турган болду

Ирандык белгилүү балбан Мохаммадали Гераи Дүйнө чемпиондугунда калыска карата бөтөлкө ыргытканы үчүн спорттон бир жылга четтетилди. Мындай чечимди Дүйнөлүк күрөш уюмунун дисципилинардык комитети чыгарды.

Тагыраагы, Гераи Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунда иниси Мохаммадреза Гераи менен япониялык балбан күрөшүп жаткан маалда калыска нааразычылыгын билдирип, килемге бөтөлкө ыргыткан.

Дисциплинардык комитет аны коомдук тартипти бузганы үчүн бир жылга спорттон четтетти.

Эми Гераи Азия чемпиондугуна эле эмес, Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына дагы жетишпейт. Ал спортко 2024-жылдын сентябрь айында кайтып келет, бул убакта Париждеги Олимпиада аяктайт.

Белгилей кетсек, ирандык Мохаммадали Гераи кыргыз балбаны Акжол Махмудовдун негизги атаандаштарынын бири.

Дал ушул бөтөлкөнүн айынан Гераи Олимпиададан кол жууду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан