Биз социалдык тармакта

Бишкектеги "Омар Хайям" кафесинин кире бериши демонтаждалды (фото)

Бишкектеги Медеров көчөсүндө жайгашкан "Омар Хайям" кафесинин кире бериши демонтаждалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
"Тротуар курулуп жаткан Медеров көчөсү, 153 дарегинде көчөгө жакын жайгашкан «Омар Хайям» кафесинин кире бериш тобу жана Медеров көчөсү, 153/1 дарегиндеги жеңил типтеги объект алынды.
Бул багыттагы иштер уланууда", - деп билдиришти мэриядан.
Ошондой эле райондун акиминин орун басары Чынгыз Байсов Логвиненко, Панфилов жана Лев Толстой көчөлөрүн текшерип чыккан.
"Кызматтар Панфилов жана Л.Толстой көчөлөрүндө асфальт төшөө үчүн негиз даярдагандан кийин таман таштарды жана курулуш таштандыларын калтырып кетишкен", - деп кошумчаланды билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан