Биз социалдык тармакта

"Жаш балдар үчүн да шарттар каралган". Ысык-Көлдө Калкты тейлөө борборунун жаңы имараты ачылды 

Бүгүн, 24-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборунун расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалымадалгандай, жаңы ачылган Калкты тейлөө борборунун аянты 300 чарчы метрге жакын имаратта, Совет көчөсү 120 “А” дарегинде жайгашкан.

Ага ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жаш балдары бар энелер үчүн шарттар каралган.

Ошондой эле 25-30 орундуу унаалар үчүн унаа токтотуучу жай бар.

"Документтерди кабыл алуу жана тариздөө үчүн ичинде касса, нотариус, сурап-билүү, даректик бюро жана фото кызмат көрсөтүүлөр бар. Мекеме күнүнө 300-500 адамды тейлей алат", - деп айтылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан