ИИМдин басма сөз кызматы Бишкекте кечээ, 23-ноябрда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген 38 жаштагы аял кармалганын, андан жарандарга келтирилген зыяндын өлчөмү болжол менен 500 миң долларды түзөрүн маалымдады.
Ага ылайык, Бишкектин Ленин райондук милициясына алдамчылыктын 40тан ашык фактысы, Октябрь райондук милициясына алдамчылыктын 10дон ашык фактысы боюнча арыз катталган. Бул кылмыштардын баарына 1985-жылы туулган К.М. аттуу аял шектелүүдө.
"Шектүү К.М. жарандардын ишенимине оңой кирип, кыймылсыз мүлк сатып алууда кызматтарды сунуштап, потенциалдуу кардарларды өзүнө тартып турган. Мында ал жеке турак үйлөрдү куруу үчүн берилүүгө тийиш эмес болгон жер тилкелерин башка адамдарга сатууга жетишкен. Ленин РИИБинде алдамчылык жолу менен 60 миң доллардан ашык акча каражатын ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран батир сатып алууга жардам берем деп убада берген. Бирок акча алгандан кийин ал из жашырып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ал өзүң жасап ала турчу курулуп жаткан үйлөрдөн батирлерди убада кылган жана кардарларды башка бирөөнүн батирине алып келип көрсөткөн.
"Учурда алдамчылыкка шектелгендердин колунан 70тен ашык адам жабыркаганы аныкталды. Башка дагы жабыркагандар болушу мүмкүн. Жабырлануучуларга келтирилген жалпы зыян 500 миң доллардан ашат жана бул азырынча алдын ала маалыматтар.
Шектүү өзүнүн анкеталык маалыматтарын бир нече жолу, фамилиясын төрт жолу өзгөрткөнү аныкталды. 2022-жылы Ленин РИИБи тарабынан жер тилкелерине байланыштуу алдамчылык фактылары боюнча издөө жарыяланган. Ал чебердик менен өзүн жасалмалап, сырткы көрүнүшүн өзгөрткөнгө да жетишкен", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.