Биз социалдык тармакта

Өлкөдө фостердик үй-бүлөлөрдө 186 бала тарбияланууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Аламүдүн районундагы оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар жайгаштырылган үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Гүлнара Баатырова фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерди жана балдардын жашоо-шарты менен таанышып, балдар жана ата-энелер менен баарлашты.

"Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар бакма ата-эне боло алышат. Алардын билим алуусуна мамлекет жашоо минимумунун бир жарым өлчөмүндө каражат бөлөт", - деди ал.

Белгилей кетсек, фостер институту 2014-жылы 10 баладан турган беш үй-бүлөдөн башталган. Бүгүнкү күндө республикада 98 фостердик үй-бүлөдө жалпы 186 бала тарбияланууда. Бул үй-бүлөлөрдү жана балдарды каржылоого быйыл 48 миллион сом бөлүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан