
Бүгүн, 27-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 574 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти.
"Суунун агып келиши секундасына 177 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 330 куб метрди түзүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.