"Унаасын сатып берем деп алып, из жашырып кеткен". Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Октябрь РИИБинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда милицияга А.А. аттуу калаа тургуну арыз менен кайрылып, А.С. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Жабырлануучу ал 15-октябрда 7 миң долларга бааланган Mercedes-Benz Daimler Chrysler автоунаасын сатып берем деп алып, из жашырып кеткенин айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1997-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Октябрь райондук соту шектүүгө карата 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алды.

Учурда анын ушул сыяктуу башка да кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

"Шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(708) 577 044, 0(502) 603 030 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан