Биз социалдык тармакта

Кыргызстандан 69 800 долларды мыйзамсыз алып өтүп бараткан чет элдик жаран кармалды

Бүгүн, 27-ноябрда "Достук" өткөрүү пунктунун чек арачылары чек арадан мыйзамсыз акча алып өтүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, эртең менен чек ара көзөмөл өткөрүү жайына келген 1982-жылы туулган А.А. аттуу Орусиянын жаранынан 69 800 доллар табылган.

"Аты аталган жаран акча каражаттарын декларацияда көрсөтпөстөн, бажы мыйзамдарын бузуп, кыйгап өтүү менен валютаны алып өтүүгө аракет кылган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кармалган жаран жана акча каражаттары компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан