Биз социалдык тармакта

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган ооган элине гуманитардык жардам көрсөтөт


Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жакынкы күнү 100 тонна азык-түлүк түрүндөгү, тагырагы 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суу май жана 500 керебет, 500 жууркан, 500 төшөк ооган элине жеткирилет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Эл аралык Жарандык коргонуу уюму тарабынан бөлүнгөн 1 миллион акча каражатына аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу азыктары, гигиеналык каражаттар алынды.
Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Ооганстандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталып, 2000ден ашуун адам каза болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан