Бишкектин Биринчи Май районунун аймагында "Тамеки чегүү" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда калаа мэриясынан билдирди.
"Аталган райондогу 10 мекеме кароого алынып, алардын ичинен "Мюнхен паб", лаундж-бар "Хабиби" жана "Istanbul" кафесинде мыйзам бузуулар аныкталып, алардын ар бирине 13 миң сомдон, жалпы 39 миң сом өлчөмүндө айып салынды", - деп айтылат маалыматта.
Калгандарында мыйзам бузуулар аныкталган эмес, мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.