UFC: Белгилүү мушкер Тони Фергюсон түрмөгө кесилди

Мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган UFC уюмунун мурдагы жеңил салмактагы убактылуу чемпиону Тони Фергюсон бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Соттун онлайн материалдарына ылайык, мушкердин мас абалында унаа айдагандыгы үчүн айыптоосу алынып салынды жана ага тайгак жолдо этиятсыз айдоо үчүн жеңилирээк айып тагылган. Жыйынтыгында сот аны бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

7-майда Тони Фергюсондун пикап унаасы Голливуддагы түнкү клубдун алдында токтоп турган бир нече унааны сүзүп, оодарылып кеткен. UFC мушкери наркологияга баруудан баш тартып, окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери менен оозеки жаңжалдашкан. Жыйынтыгында ал кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан