UFC'де тарыхый жеңишке жеткен Мыктыбек Оролбай уулу Бишкекке келди (видео)

UFC уюмунда дебюттук беттешин өткөрүп, жеңишке жеткен кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу бүгүн, 28-ноябрда Бишкекке учуп келди.

Мушкерди "Манас" эл аралык аэропортунан жакындары, күйөрмандары тосуп алышты. Мушкерге алар калпак кийгизип, чепкен жабышты.

19-ноябрга караган түнү Лас-Вегаста өткөн UFC уюмунун турниринде сербиялык Урош Медич менен беттешкен. Кармаштын экинчи раундунда Оролбай уулу атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Белгилей кетсек, мушкер 15-ноябрда UFC уюму менен келишим түзгөнүн жарыялаган.

Мыктыбек Оролбай уулу Бишкекке келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан