Кикбоксинг боюнча курама Дүйнө чемпионатында 3 коло медаль тагынды

Өлкөнүн кикбоксинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү Португалиянын Албуфейра шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 3 коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Фулл-контакт боюнча 91 килограммга чейинки салмакта Куан Абдыраимов, лоу-кик боюнча 91 килограммга чейинки салмак категориясында Нурлан Токтобакиев жана кик-лайт түрү боюнча 63 килограммга чейинки салмакта Мирбек Сүйүнбаев коло медалга ээ болушкан.

Мелдеш 17-25-ноябрь күндөрү өтүп, 70 өлкөдөн келген 573 спортчу катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан